Ноокат районундагы «Көк-Бел» бөлүмүнүн 40 койкалуу жаңы имараты пайдаланууга берилди

11.09.2026  12:04

39

Ноокат районундагы «Көк-Бел» бөлүмүнүн 40 койкалуу жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн, 11-сентябрь Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ош облусунда 16 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алардын катарында Ноокат аймактык ооруканасына караштуу «Көк-Бел» бөлүмүнүн жаңы имараты да бар.

Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Уланбек Жаанбаев, Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурлан Керимкулов жана жергиликтүү тургундар катышты.

«КӨК-БЕЛ» БӨЛҮМҮ ЖӨНҮНДӨ НЕГИЗГИ МААЛЫМАТ:

Жайгашкан жери: Н.Исанов айыл аймагы, Жаңы-Базар айылы

Кубаттуулугу: 40 койка

Имараттын түрү: 3 кабаттуу

Жалпы курулуш аянты: 1600,69 м²

Негизги имараттын аянты: 1461,85 м²

Жаңы имарат заманбап медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган. Бул бөлүм Жаңы-Базар айылына жана ага жакын жайгашкан 15тен ашык айылдын 30 миңден ашуун калкына өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Иш-чаранын катышуучулары бул оорукананын ачылышы Ноокат районунун саламаттыкты сактоо тармагындагы маанилүү кадам экенин белгилешти. Ошондой эле, бүгүнкү күндө Ош облусунда жалпысынан 16 социалдык объект пайдаланууга берилди, алар: 2 мектеп, 5 бала бакча, 3 спорт зал, 1 оорукана, 1 ФАП, 1 маданият үйү, 2 административдик имарат жана 1 парк.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы