Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушу менен таанышты.
Аталган жол төрт тилкелүү болуп курулууда. Учурда жолдун бир тарабында эски асфальтты алуу иштери кызуу жүрүп жатат. Жаңы жол унаа тыгындарын азайтып, жол коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Бул долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 2,5 млрд сом каралган.