Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Өкмөттүк акселераторлор” прогаммасын ишке ашыруу максатында милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүү талабын жоюу, жөнөкөйлөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апараты тарабынан дагы бир топ иштер жүргүзүлүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 2-июнундагы аппараттык жыйынында кабыл алынган “Жарандардын үстүнөн бюрократиялык жүктү азайтуу, мамлекеттик, муниципиалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу боюнча” Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан 2025-жылдын 4-июнунда жөнөтүлгөн №24-5848 кат райондук мамлекеттик администрацияларга жеткирилди, алар аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, тийиштүү райондук мамлекеттик органдарга жеткирилген.
Аларга мыйзамда түз көрсөтүлгөн, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынган так чектелген учурларды кошпогондо, документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүү талабын алып салууну караган өзгөртүүлөрдү нормативдик укуктук жана башка тиешелүү документтерге киргизүү талабы түшүндүрүлгөн.
Нотариалдык күбөлөндүрүүгө альтернатива катары, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган уюмдар жана мекемелер документтердин көчүрмөлөрүн нотариалдык күбөлөндүрүүсүз кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, бул учурда, документ түп нускасы менен бирге көрсөтүлсө, анда ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан көчүрмө менен түп
нусканын шайкештиги ошол жерде текшерилип, көчүрмөгө “Көчүрмө туура” деген мөөр басылып, кызматкердин колу, фамилиясы жана инициалдары, датасы жана мамлекеттик органдын, мекеменин аталышы көрсөтүлүүсү керектиги, ошондой эле жогорудагы талаптар аткарылбаса, анда жооптуу кызматкерлерге, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерине карата катуу тартиптик чаралар көрүлөөрү эскертилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты өз ыйгарым укуктарынын алкагында нотариалдык күбөлөндүрүү талаптарын жокко чыгаруу, жөнөкөйлөтүү максатында тийиштүү органдардын кабыл алган чечимдерине ылайык жарандардан жана юридикалык жактардан нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү талап кылынган административдик процедураларга толук жана мазмундуу талдоо жүргүзүп, мыйзамдарда түз көрсөтүлгөн өзгөчө учурлар жана документтердин укуктук күчүн камсыз кылуу зарылдыгы болбосо, нотариалдык күбөлөндүрүүнү негизсиз талап кылууну жоюу боюнча системдүү ишти камсыз кылуу максатында иштеп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн ведомостволук сыйлыктарын берүүдө акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана башка тиешелүү документтеринин көчүрмөлөрү гана талап кылынат.
Ошондой эле, Кыргыз республикасынын 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө”
Жобосунун 11- пунктунун 5-пунктчасына ылайык билимин жана кошумча билимин тастыктаган дипломдорунун, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү акыркы иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүп берилген көчүрмөсү алынууда. Айрым мезгилдерде эч жерде иштебеген жарандар конкурска катышуу ниетин билдирип, дипломдорун, эмгек китепчесин көтөрүп келсе, ал документтер персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүп берилип жатат.
Андан тышкары, ишке жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн, эмгек китепчесинин, билимин тастыктаган документтеринин, аскердик билетинин көчүрмөлөрү дагы персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүп берилип келүүдө.