«Кыргыз жер семирткич» заводу Ноокатта ишке кирди: өлкөнүн айыл чарбасы жаңы этапка өтөт

29.08.2026  14:05

21

«Кыргыз жер семирткич» заводу Ноокатта ишке кирди: өлкөнүн айыл чарбасы жаңы этапка өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун инвестиция тартуу жана өндүрүштү өнүктүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Ноокат районунун Т. Кулатов айыл аймагында курулган «Кыргыз жер семирткич» заводу расмий ишке киргизилди.

Ачылыш аземине КР Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев катышып, ишкананын иши менен таанышты.

Негизги көрсөткүчтөр:

Кубаттуулук: 1-этапта 100 миң тонна. 2028-жылга чейин кубаттуулук 1 млн тоннага чейин жеткирилет. 2 миң жумуш орду түзүлөт.

Продукциясы: Аммофос жана NPK камтылган аралаш жер семирткичтер. Айыл чарбанын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Инвестиция: Долбоорго кытайлык инвесторлор тарабынан каражат тартылган. 15 млн долларлык жабдуулар орнотулууда.

Социалдык жагы: Биринчи продукциядан Бишкек жана Ош шаарларынын дыйкандарына 200 тонна жер семирткич акысыз берилди.

Экспорт: Ички рыноктун 150 миң тонналык муктаждыгын жаап, калганын экспорттоо пландалууда.

Ишкананын ишке кириши менен өлкөнүн импортко көз карандылыгы азайып, Ош облусунун өнөр жай потенциалы жогорулайт.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы