Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдагы 12-февралындагы 13-Б сандуу буйругунун 5-п. ылайык, Ош областтынын жергиликтүү прокурорлору тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2022-жылдын 5-июлундагы 44-Б сандуу буйругунун талаптары боюнча аймактык пробация органдарында эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө, белгилүү кызматтарда кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткарууда мыйзамдарды сактоо, ошондой эле пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулган, жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга, эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө түрүндөгү балдарга карата тарбиялык мажбурлоо чаралары, ошондой эле жазаны аткаруу кийинкиге калтырылган адамдарга контролдукту жүзөгө ашырууда мыйзамдардын аткарылышына ар бир квартал сайын текшерүү жүргүзүлүп келет.
Атап айтканда, 2025-жылдын 1-сентябрына карата Ош областы боюнча жергиликтүү пробация органдарында жалпы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодекси менен 507 кардар каттоодо турат. Алардын ичинен 441 эркек, 45 аял жана 21 жашы жете элек балдарды түзөт.
Ал эми УБжК менен 24 кардар каттоодо турат. Алардын ичинен 21 эркек жана 3 аял.
2025-жылдын 8 айында жалпы 376 кардар каттоого алынган. Алардын ичинен 315 эркек, 44 аял жана 17 жашы жете элек балдар.
Ал эми 319 кардар мөөнөтү бүткөндүктөн каттоодон чыгарылган. Алардын ичинен 275 эркек, 36 аял жана 8 жашы жете элек балдар.
Экстремизм багыты боюнча 5 кардар каттоодо турат. Алардын ичинен 2 эркек жана 3 аял.
Пробациянын талаптарын бузгандыгы үчүн 170 кардарга жазуу түрүндөгү эскертүү берилген.
Жыл башынан бери жергиликтүү прокуратура органдары тарабынан жалпы 12 текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында 5 сунуштама киргизилип, ал боюнча 3 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан жана 2 кызматкер ооз эки эскертме менен чектелген.
Областтын жергиликтүү райондорунун прокурорлору аймактык пробация органдарынын жазаны алмаштыруу, шарттуу түрдө бошотууну алып салуу, тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын алмаштыруу, тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын алып салуу, соттолгондун оорусуна байланыштуу жазадан бошотуу, пробациялык көзөмөлдү алып салуу, соттолгон үчүн мурда белгиленген пробация милдеттерин толук же жарым-жартылай алып салуу же кошуу, эркиндигин чектөө түрүндөгү жаза үчүн соттолгонго мурда белгиленген милдеттерди жарым-жартылай алып салуу же кошуу, жазаны өтөөнүн кийинкиге калтырылышын алып салуу жөнүндө сунуштамаларын, ошондой эле жазаны аткарууга байланышкан башка соттук материалдар боюнча соттордун кароосуна катышып келет.
Атап айтканда, жыл башынан бери аймактык пробация органдары тарабынан сот органдарына пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу боюнча 12, кошумча милдет жүктөө боюнча 6 жана жазасын алмаштыруу боюнча 6, жалпы 24 сунуш жиберилген. Алардын ичинен 12 сунуш канааттандырылып, 7 сунуш канааттандыруусуз калтырылган, 5 сунуш соттук кароодо турат. Кардарлардын арасынан пробациялык милдеттерин аткарбай, себепсиз каттоого келбеген 4 кардарга издөө жарыяланган.
Ош облусу боюнча зыяндын ордун толтуруу боюнча 49 сот актысы келип түшүп, 1 599 805 сом өндүрүлгөн.
Бүгүнкү күндө 205 кардар электрондук тиркеме аркылуу көзөмөлдө турат.
Мындан тышкары, кардарларга психологиялык, юридикалык, теологиялык жана социалдык жардамдар көрсөтүлүп келүүдө. Башкармалыкта атайын психолог жана теолог да иш алып барышат.
Ошондой эле кардарлардын кайра кылмыш жасоо тобокелчиликтерин аныктоо боюнча, аныкталгандан кийин тобокелчилиги жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн кардарлар менен иш алып баруу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча коррекциялык программалар түзүлүп, кардарларды окутуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө сот актыларында пробация кардарларына кайрадан социалдаштыруу жана реабилитациялык программаларга катышуусу милдеттендирилген болсо, ошол кардарларды реабилитациялык программага катышуусун уюштуруу максатында Пробация департаментинин окуу борбору жана психологдорунун окутуусунан Ош жана Баткен облусу боюнча аймак аралык башкармалыгынын аймактык пробация болүмдөрүнүн кызматкерлери даярдык көрүшүп, бүгүнкү күндө 5-10 чейинки пробация кардарларынан группаларды түзүп реабилитациялык программаларды окутуп жатышат.
Жогоруда аталган буйруктун негизинде, Ош областынын Пробация органдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу менен тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп, мындан ары дагы прокуратура органдары тарабынан тыгыз иш алып барылат.
Бөлүмдүн улук прокурору
А.Сабырбеков