Кымбаттуу балдар жана ата-энелер!

01.06.2026  18:29

382

Кымбаттуу балдар жана ата-энелер!

Бүгүн — 1-июнь, Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Балдар - биздин келечегибиз, өлкөбүздүн жаркын эртеңи. Сиздердин күлкүңүздөр, ийгиликтериңиздер жана бактылуу балалыкты өткөрүп жаткандыгыңыздар - коомубуздун өнүгүүсүнөн кабар берет.

Кыргызстандын келечеги — бүгүнкү балдарыбыздын колунда. Алардын ден-соолугун сактоо, сапаттуу билим алышына шарт түзүү, коопсуздугун камсыз кылуу — биздин ыйык милдетибиз.

Урматтуу ата-энелер! Баланы тарбиялоо — эң жоопкерчиликтүү иш. Урматтуу мугалимдер жана тарбиячылар! Сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис. Балдарыбызды намысчыл, эмгекчил, мекенчил кылып өстүрүү биздин жалпы милдетибиз.

Кымбаттуу балдар! Силер эртеңки Кыргызстанды курасыңар. Окугула, кыялдангыла, спорт менен машыкыла! Биз силерге ишенебиз жана дайым колдойбуз.

Майрамыңыздар кут болсун!

Урматым менен, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктук өкүлү Аманкан Кенжебаев.