КУЛАКТАНДЫРУУ!

13.06.2025  15:00

804

КУЛАКТАНДЫРУУ!

Урматтуу Ош облусунун тургундары, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз түрүндө берүү токтотулгандыгын эскертебиз!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 260-т тескемесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 21-майындагы № 52-129 буйругуна ылайык, Ош облусунун аймактарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле жарандарга маалыматтарды (маалымкаттарды, справкаларды, билдирүүлөрдү) кагаз жүзүндө берүүнү жүзөөгө ашыруучу мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан:

- 2025-жылдын 1-майынан тартып 50 жаш жана андан жогору курактагы жарандарга, жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде пайдалануу үчүн мындай маалыматтар талап кылынган учурларды кошпогондо, Ош шаары үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз түрүндө берүү токтотулгандыгын;

- 2025-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө (маалыматтык системалар даяр эмес болгон учурларды кошпогондо) “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (“Түндүк” ЭВӨС) аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди (алардын көчүрмөлөрүн), ошондой эле кагаз түрүндөгү маалыматтарды жеке жана юридикалык жактардан талап кылуу токтотулгандыгын эскертебиз.

​Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тийиштүү маалыматтарды алуу боюнча жарандарга жеринде консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүлүп жаткандыгын маалымдайбыз.

Тиркемени жүктөө үчүн төмөнкү шилтемелерди колдонуңуз:

https://play.google.com/store/apps/details?id=com.portal.tunduk&pcampaignid=web_share

https://apps.apple.com/us/app/tunduk/id1533035059