5-декабрь күнү, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында Координациялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Иш-чарага Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, анын орун басарлары, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери жана район акимдери катышты.
Кеңешменин күн тартибинде төмөнкү үч маселе каралды:
1. 2025-жылдын 27-февралында өткөн Координациялык кеңештин №1 чечиминин аткарылышы жөнүндө маалымат.
2. Ош облусунда коомдук-саясий туруктуулукту сактоо, кылмыштуулуктун жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо түзүмдөрүнүн иштери.
3. Табигый жана өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын аткарып жаткан иштери.
Отрумда тиешелүү жетекчилер аткарылган иштер боюнча маалымат беришип, учурдагы көйгөйлөрдү жана анын себептерин белгилешти. Облустун башчысы ар бир маселе боюнча токтолуп, аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун көрсөтүп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Өзгөчө облустун аймагында жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнүн алдын алуу, ошондой эле табигый жана өрт кырсыктарынан коргоо багытында бир катар сунуштар талкууланып, чечимдер кабыл алынды.