Кара-Суунун Таш-Арык айылында 50 орундуу балдар бакчасы ачылды

15.10.2025  14:15

5

Кара-Суунун Таш-Арык айылында 50 орундуу балдар бакчасы ачылды

15-октябрь күнү Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Таш-Арык айылында 50 орундуу “Таш-Арык” жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземге Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Ош облусунун жетекчиси Эльчибек Джантаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Таза-Көмүр” ЖЧКсы тарабынан каржыланып бүткөрүлдү. Жаңы бакча бир кабаттуу, ичинде балдар үчүн бардык заман талабына жооп берген шарттар түзүлгөн. Сыртында оюн аянтчалар жана көлөкө чатырлар жайгашкан.