Кара-Сууда темир бетон жана ичүүчү-минералдык суу чыгаруучу заводдор ачылды

29.12.2025  17:40

103

Кара-Сууда темир бетон жана ичүүчү-минералдык суу чыгаруучу заводдор ачылды

29-декабрь күнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Ынтымак айылында темир бетон буюмдарын чыгарган завод, ал эми Жоош айыл аймагынын Мамажан айылында «Кыргыз-Кытай өндүрүштүк корпорациясы» тарабынан ичүүчү жана минералдык суу чыгаруучу завод ишке кирди.

Ишканалардын ачылыш аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Темир бетон заводунун жалпы инвестициялык суммасы 44 млн сомду түзүп, суткасына 1500 даана бордюр жана 250 лоток чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ишканада 20 жумуш орду түзүлгөн.

Ал эми «Кыргыз-Кытай өндүрүштүк корпорациясы» ЖЧКсы тарабынан курулган ичүүчү жана минералдык суу чыгаруучу заводдун инвестициялык суммасы 260 млн сомду түзүп, саатына 12 миң бөтөлкө суу чыгаруу кубаттуулугуна ээ. Бул заводдо да 20 жумуш орду түзүлгөн. Ишкана келечекте продукцияны экспортко чыгарууну пландап жатат.