Кара-Сууда райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

15.10.2025  10:13

5

Кара-Сууда райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

15-октябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана билим берүү тармагындагы кызматкерлер катышты.

Жаңы имарат заманбап шарттарда курулуп, керектүү эмерек жана техникалар менен толук жабдылган. Буга чейин райондук билим берүү бөлүмүнүн туруктуу имараты жок болуп, анын аппараты, усулчулук бөлүмү, эсепчилер жана балдар чыгармачылык борборунун кызматкерлери ар кайсы имараттарда иш алып барып келишкен.

Бул көйгөйдү чечүү максатында, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы УКМКнын райондук бөлүмү жана райондук прокуратура менен биргеликте 2004-жылы жеке менчикке өтүп кеткен, 0,10 га аянттагы “Диннур” кафесинин имаратын мамлекетке кайтарып, капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн.

Ачылыш аземден кийин, жалпы райондук администрациянын чоң залында Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.