Кара-Сууда асфальт жана бетон өндүрүүчү ири завод ишке кирди

09.06.2025  16:04

14

Кара-Сууда асфальт жана бетон өндүрүүчү ири завод ишке кирди

Бүгүн, 8-июнь күнү Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ташлак айылында “Салих Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган асфальт жана бетон өндүрүүчү ири заводдун ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон бир катар депутаттар, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ачылыш учурунда сөз сүйлөгөн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев аталган ишкана региондун инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана жергиликтүү экономиканы колдоодо чоң роль ойной турганын белгиледи.

Заводдун жалпы долбоордук баасы 721 миллион сомду түзөт. Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, саатына 300 тонна асфальт жана 270 куб метр бетон өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Завод толук кандуу ишке кириши менен 150 жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү тургундар туруктуу иш менен камсыз болот.