Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу районуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу шаарында курулуп жаткан “Манас” стадионунда болуп, жүрүп жаткан курулуш иштери менен жеринде таанышты.
Маалыматка ылайык, учурда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап стадиондун курулушу 80 пайызга аяктап, негизги конструкциялар жана футбол талаасы даяр болгон. Стадионду толук реконструкциядан өткөрүүнүн алгачкы этабында эски курулуштар алынып, гибриддик чөп төшөлүүчү оюн талаасы даярдалды, көрүүчүлөр үчүн 5000 орундуу трибуналар орнотулуп, үстү жабылат. Мындан тышкары, стадион түнкү жарыктандыруу, заманбап жуунучу жана кийим алмаштыруучу жайлар, чуркоо тилкеси менен камсыз болот.
Облустун башчысы Эльчибек Джантаев стадиондогу иштер менен таанышып, подрядчы уюмдарга жана жергиликтүү жетекчилерге бардык курулуш иштерин долбоорго ылайык толук бүтүрүү тапшырмасын берип, стадионду июль айынын аягына чейин толук ишке берүүнү белгиледи.
Белгилей кетсек, “Манас” стадионунун курулушуна жалпысынан 274 миллион сом каралган. Бул каражат жергиликтүү бюджеттен, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан жана Кыргыз Республикасынын Футбол биримдиги тарабынан бөлүнгөн.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында облус башчысы Кара-Суу шаарындагы таза суу жана саркынды суу чыгаруу системасынын курулушу менен да таанышып, иштердин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аякташын камсыздоо боюнча тиешелүү жетекчилерге эскертүү берди.