Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев Кара-Суу шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган шаарда жайгашкан «Темир Жол» бекетине барып, анын ишмердүүлүгү жана санитардык абалы менен таанышты.
Облус жетекчиси бекеттин абдан начар санитардык абалын, ошондой эле оор жүк ташуучу автоунаалардын бекетке тоскоолдуксуз кирип-чыгып жаткандыгын жеринен көрүп, бул көрүнүш шаардагы жолдордун бузулушуна, экологиялык жана санитардык абалдын начарлашына алып келип жатканын белгиледи. Бул маселеге байланыштуу жергиликтүү тургундар арасында нааразычылык күчөп жаткандыгы дагы эске алынды.
Маалыматка ылайык, аталган бекет аркылуу күн сайын 20-30 вагон көмүр Өзбекстан Республикасына экспорттолуп, жалпы көлөмү 1600дөн 2100 тоннага чейин жетет.
Эльчибек Джантаев шаар жетекчисине жана темир жол бекетинин жетекчилигине санитардык абалды тез арада иретке келтирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берип, бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам чегинде чара көрүүнү, зарыл учурда айып пул салынышы керектигин баса белгиледи.