Кара-Суу шаарында Өзбекстандан өткөн 100 гектар жерге өндүрүш аймагы жана кичи шаарча курулат

11.07.2025  10:03

9

Кара-Суу шаарында Өзбекстандан өткөн 100 гектар жерге өндүрүш аймагы жана кичи шаарча курулат

Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев Кара-Суу районуна жумушчу сапар менен барып, Өзбекстан Республикасынын аймагынан Кара-Суу шаарына өткөн 100 гектар жерди көрдү. Бул жерде келечекте өндүрүш аймагын жана кичи шаарчаны куруу пландалууда.

Иш сапардын алкагында облус жетекчиси жер тилкесинин инвентаризациясы менен таанышып, бул аймакта курула турган өндүрүш аймагынын баштапкы долбоору жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан пландалып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуучу аянты боюнча маалымат алды.

Эльчибек Джантаев аталган аймакка алып баруучу негизги жол, таза суу менен камсыздоо жана жалпы инфраструктура маселелерине өзгөчө токтолуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багытта ишти ыкчамдатууну тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Кара-Суу шаарынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, аймакта жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө болот.