3-октябрь күнү, Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионунда Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана башка сыйлуу коноктор катышышты.
Салтанатта облус башчысы Эльчибек Джантаев район тургундарын маараке менен куттуктап, Кара-Суунун тарыхый жана азыркы жетишкендиктерин белгиледи:
“Бүгүн — баарыбыз үчүн өзгөчө күн. Биз сыймыктануу менен Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Кара-Суу — эзелтен эмгекчил эли, берекелүү жери менен белгилүү аймак. Бул жерде тарбияланган чыгаан уул-кыздар өлкө өнүгүшүнө зор салым кошуп келишкен. Токсон жылдык — бул ар бир үй-бүлөнүн, ар бир жарандын талыкпас эмгегинин жемиши. Ынтымактын, биримдиктин аркасында Кара-Суу бүгүн айыл чарбада, соодада, билим менен маданиятта алдыга озуп, бүтүндөй облустун сыймыгына айланды. Ишенем, мындан ары да район гүлдөп-өсө берет”, — деди ал.
Мааракелик иш-чара концерттик программа, театрлаштырылган көрүнүштөр жана маданий иш-чаралар менен уланууда.