24-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кыргыз сорт сыноо ишканасынын эгин талаасында кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо боюнча иш-чара өтүп, буудай жыйноого расмий түрдө старт берилди.
Иш-чарага Ош облусунун башчысынын биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, райондук бийлик өкүлдөрү, айыл чарба адистери жана жергиликтүү дыйкандар катышты.
Анын жүрүшүндө Курбанбек Айтибаев сөз сүйлөп, бул иш-чара айыл чарба тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүү жана мындан аркы максаттарды аныктоо үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле дыйкандар менен адистердин ортосунда тажрыйба алмашуу, натыйжалуу агротехникалык ыкмаларды жайылтуу – түшүмдүүлүктү арттырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Маалым болгондой, быйыл Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кыргыз сорт сыноо ишканасынын базасында 39 гектар аянтка буудай, 22 гектар жерге арпа айдалган. Бул аянттарда жергиликтүү климаттык шарттарга ыңгайлаштырылган, түшүмдүүлүгү жогору жаңы сорттор сыноодон өткөрүлүүдө. Бүгүнкү оруп-жыйноо иш-чарасы дал ушул тажрыйбалуу талаанын жыйынтыктарын практикада көрсөтүүгө жана аны башка дыйкандарга жайылтууга багытталган.
Белгилей кетсек, быйыл Ош облусу боюнча жалпы 40 миң гектар аянтка буудай, 24 миң гектарга арпа эгилген. Жалпысынан 64 миң гектар аянттагы дан эгиндерин жыйноо иштери облустун аймагында буга чейин Араван районунун Төө-Моюн айылында башталган. Оруп-жыйноо иштери август айына чейин уланат.