Кара-Кулжа районунун борбордук стадиону жаңыдан курулат

12.07.2025  14:34

78

Кара-Кулжа районунун борбордук стадиону жаңыдан курулат

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Кулжа районуна жумушчу сапар менен барып, бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышып чыкты.

Сапардын алкагында облус жетекчиси Кара-Кулжа районунун борбордук стадионуна барып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык аталган объектини заманбап талаптарга жооп берген шартта кайрадан жаңылоо маселеси боюнча тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрдү. Анда стадионду жаңыдан куруу боюнча долбоордун болжолдуу концепциясы талкууланып, аны кайрадан иштеп чыгуу багыттары белгиленип, бир катар сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, Эльчибек Джантаев район борборунда курулуп жаткан коомдук-маданий кызмат көрсөтүү борборунун курулуш иштери менен таанышып, иштердин сапатына жана мөөнөтүндө аткарылышына өзгөчө көңүл бурду. Ал тиешелүү жетекчилерге курулушту өз убагында жана талаптагыдай сапатта бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле облус жетекчиси район аймагындагы жол курулуш иштери жана базар айланасын иретке келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн көрүп чыгып, бардык иштерди белгиленген талапка ылайык, жогорку сапатта бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.