20-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркынын Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Илияз Ташбаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Болот Жусупбеков, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Кара-Кой эс алуу аймагына саркынды суу тутумун куруу үчүн өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 385,8 млн сом каралган. Долбоордун башкы аткаруучусу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасы болуп саналат.
Учурда субподрядчы “Бинтек” ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери башталып, саркынды суу трассасы 13 чакырым, кубаттуулугу 200 жана 500 куб метрди түзгөн саркынды сууларды тазалоо жайларынын фундаменттик чуңкурлары толук казылып бүткөрүлдү. Кошумча жер иштери жана курулушка даярдоо жумуштары бекитилген планга ылайык улантылууда. Бардык иштер тиешелүү долбоордук-сметалык документтердин негизинде жүргүзүлүүдө.
Долбоор 2026-жылы толук аяктап ишке берилсе, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аймактын инфраструктурасы жакшырмакчы. Бул өз кезегинде эс алуучулардын санын көбөйтүп, туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын соңунда “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркына, Апшыр-Ата жана Кара-Шоро эс алуу жайларына атайын техникалар тапшырылды.