Калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиясынын кезектеги отуруму өттү

30.04.2026  18:14

179

Калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиясынын кезектеги отуруму өттү

Бүгүн, 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкуловдун төрагалыгы алдында Ош облусунда калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Анда, “Ош облусунун аймагындагы эмдөөнүн жүрүшү жана кан аркылуу жугуучу вирусттук гепатиттерди көзөмөлдөө боюнча Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондорунда аткарылып жаткан иштер боюнча” маселелер каралды.

Жыйынга, облустук Координациялык комиссиянын мүчөлөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин социалдык маселелерди тейлеген орун басарлары, Араван райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун, Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун, аймактык оорукананын директорлору, дарылоо иштери боюнча орун басарлары, райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгерлери жана райондук иммунолог дарыгерлери катышты.

Андан тышкары, Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун Жалпы дарыгердик практика борборлорунун, Ноокат райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун, аймактык оорукананын директорлору, дарылоо иштери боюнча орун басарлары жана иммунолог дарыгерлери ссылка аркылуу онлайн режиминде катышты.

Жыйынтыгында, саламаттык сактоо мекемелери менен биргеликте тегерек стол, акцияларды өткөрүү, жетүүгө кыйын болгон, шарты катаал, медицина кызматкерлери жетишсиз жана шарт жаратылбаган айылдарга пландалган иммунизациялоо боюнча мобилдүү-көчмө бригадаларды уюштуруу, вирустук гепатиттерди эрте аныктоо, өз убагында дарылоо жана алардын боордун циррозуна өтүшүп кетишин алдын алуу максатында дарыгерлер тарабынан бейтаптарга текшерүүлөрдү жүргүзүү жана эмдөөдөн баш тарткан жарандар эң көп катталган 1 районду пилот катары тандап алып, иш алып баруу боюнча чечим кабыл алынды.

****

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы