Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тиешелүү тескемесине ылайык, Орозбаев Мирлан Кубатбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Бүгүн, 1-апрелде, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жаңы дайындалган биринчи орун басарды аппараттын кызматкерлерине тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы мамлекеттик кызматтын жогорку жоопкерчилигин белгилеп, жүктөлгөн милдеттерди так жана натыйжалуу аткаруунун маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле алдыдагы иштер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.