29-октябрь күнү Ош облусунун Алай районунда Гүлчө айыл аймагына расмий түрдө шаар макамын ыйгаруу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактын тургундары катышты.
Салтанатта облус жетекчиси Эльчибек Джантаев Гүлчө шаарына макам берилиши Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү кадам экенин белгилеп, жергиликтүү элди куттуктады. Ошондой эле облус аймагында, анын ичинде Алай районунда жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Иш-чаранын алкагында “Гүлчө шаары” деген жазуусу бар стелланын ачылышы болуп өттү жана аймактык кызматтарга жаңы техникалар тапшырылды. Ал эми алдыда облустук өнүктүрүү фондунан Гүлчө шаарына дагы эки атайын техника сатып берилерин облус жетекчиси маалымдады.
Эске салсак, Гүлчө айыл аймагына шаар макамын берүү тууралуу мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койгон.