ЭСКЕРТҮҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИШКЕРЛЕРИ ҮЧҮН
СИЗДИН УКУКТАРЫҢЫЗ ЖАНА ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫНА КАЙРЫЛУУНУН ТАРТИБИ
УРМАТТУУ ИШКЕР!
Ош областынын прокуратурасы сиздин укуктарыңызды коргоо жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып барууда. Сиз бул эскертүүдөн укуктарыңыз боюнча прокуратурадан кантип жардам алууну билсеңиз болот.
_______________________________________________________________
СИЗДИН НЕГИЗГИ УКУКТАРЫҢЫЗ
1. Ишкердик ишти эркин жүргүзүү укугу
- Сиз мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын мыйзамсыз кийлигишүүсүз ишкердик менен алектенүүгө укуктуусуз.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы экономикалык иштин ар кандай формаларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт. Мамлекет инвестицияларды жана инвестициялык ишмердүүлүк субъекттерин мыйзамда аныкталган тартипте коргоого кепилдик берет.
2. Мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоо
- Текшерүүлөр колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Ар кандай мыйзамсыз текшерүүлөр даттанылууга жатат.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” №3 Жарлыгына ылайык, ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусун жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде макулдашылган милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же аткарууга мүмкүн эместигинен улам бузуусун токтотуу каралган.
3. Уруксаттарды жана лицензияларды алуу укугу
- Сиз бизнести жүргүзүү үчүн зарыл болгон уруксаттарды, лицензияларды жана башка документтерди өз убагында алууга укуктуусуз.
4. Коррупциядан жана өзүм билемдиктен коргоо
- Кызмат адамдарынын пара талап кылууга, ошондой эле сиздин ишиңизге тоскоолдук жаратууга укугу жок.
5. Прокуратура органдарына кайрылуу укугу
- Сиздин укуктарыңыз бузулган учурда, сиз өз кызыкчылыктарыңызды коргоо үчүн прокуратура органдарына кайрылганга укуктуусуз.
__________________________________________________________________
ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫНА КАНТИП КАЙРЫЛСА БОЛОТ
Эгерде ишкер катары сиздин укуктарыңыз бузулса, анда төмөнкү жолдор менен жардам алсаңыз болот:
- Ишеним телефондору
- Ар бир прокуратурада ишеним телефондору иштейт, алар боюнча сиз мыйзам бузуулар тууралуу кабарлай аласыз. Телефон номерлери Башкы прокуратуранын расмий сайтында же жергиликтүү прокуратураларда жеткиликтүү.
- (Ош областынын прокуратурасынын ишеним телефону 0997 02 12 02)
- "Бизнести коргоо"мобилдик тиркемеси
- Керек болсо прокуратура органдарына ыкчам кайрылуу үчүн "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз. Тиркеме iOS жана Android базасындагы түзмөктөр үчүн жеткиликтүү.
- Жекече кайрылуу
- Сиз жакынкы прокуратурага кайрылып, арыз жазып, керектүү документтерди бере аласыз.
- Онлайн кайрылуу
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына кирип, электрондук кайрылуу формасын толтуруңуз.
__________________________________________________________________
Укуктарыңыз бузулган учурда эмне кылуу керек
- Мыйзам бузууга кабылсаңыз
- Документтер, сүрөттөр, аудио же видео жазуулар жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилдерди чогултуңуз.
- Жардам сураңыз
- Ишеним телефондорун, "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемесин колдонуңуз (кайрылуу жасап, анын кароосуна көз салсаңыз болот) же прокуратурага жеке барыңыз.
- Арыз тапшыруу
- Арызыңызда көрсөтүңүз:
- Маалыматты (Аты-жөнү, байланыш маалыматы);
- Бузуунун маңызын;
- Далилдерди;
- Талаптарды (мисалы, мыйзамсыз аракеттерди токтотуу).
ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
⚖Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 3381-беренесинде ишкердиктин ишине мыйзамсыз кийлигишүү жасалса, мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.
⚖Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436 - беренесине ылайык, кызмат адамдарынын ишкердиктин субъекттерине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүсү жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу үчүн 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эгерде сиздин укуктарыңыз бузулса, унчукпай койбоңуз - прокуратура органдарына кайрылыңыз!
ПАЙДАЛУУ БАЙЛАНЫШТАР
- Ишеним телефондор: Номерлерди жергиликтүү прокуратуралардан же Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сайтынан алсаңыз болот https://prokuror.kg/security/ru.
- "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси: App Store же Google Play тиркемелеринен жүктөп алыңыз.
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайты: www.prokuror.kg
_____________________________________________________________
Эсиңизде болсун!
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы сиздин укуктарыңызды жана кызыкчылыктарыңызды коргоого дайым даяр. Көйгөйлөр менен жалгыз калбаңыз-жардам алуу үчүн кайрылыңыз!