“Эң мыкты айыл өкмөтү” аталган Кара-Суунун Жоош айыл аймагында республикалык семинар-кеңешме өттү

17.10.2025  13:49

5

“Эң мыкты айыл өкмөтү” аталган Кара-Суунун Жоош айыл аймагында республикалык семинар-кеңешме өттү

Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагында бүгүн, 17-октябрь күнү, “Аймактарды өнүктүрүү – Уңгужолдун багыты” аттуу республикалык семинар-кеңешме болуп өттү. Иш-чара “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик сынагынын жыйынтыгынын негизинде уюштурулду. Белгилей кетсек, Жоош айыл өкмөтү аталган сынакта экинчи топтун арасынан жеңүүчү болуп тандалган.

Семинар кеңешмеге Президенттин Администрациясынын Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын начальнигинин орун басары Октябрь Капалбаев, Президенттин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы Уланбек Далиев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген 200гө жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышышты.

Иш-чаранын алкагында “Улуттун уюткусу” долбоорунун алкагында көргөзмө уюштурулуп, катышуучулар Жоош айыл аймагынын имараты жана Сыдык Джолдошев атындагы айылдык тарыхый музей менен таанышышты.

Семинар-кеңешменин негизги максаты — айыл аймактарды өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйбаны жайылтуу, социалдык-экономикалык өнүгүүнү чыңдоо, инфраструктураны жакшыртуу жана инвестиция тартуу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин өркүндөтүү болуп саналат.