Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев журналисттерди кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап, алардын коомдогу орду менен маанилүү эмгегин белгиледи.
Иш-чарада Эльчибек Джантаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө сапаттуу жана объективдүү маалымат берүүдө, коомдук пикирди калыптандырууда, өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү элге өз убагында жеткирүүдөгү чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле журналисттерге чыгармачылык ийгилик, жигердүү ишмердүүлүк жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жана маалыматтык чагылдырууда жигердүүлүк көрсөткөн бир катар журналисттерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.