Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата аймактагы улуу муун өкүлдөрүн куттуктап, алардан кабар алды.
Алгач облус башчысы Ноокат районунун Ак-булак айылына барып, 100 жаштагы ардактуу карыя Абдыкадыр Атабаевдин үйүндө болду. Джантаев анын ден соолугун сурап, майрамдык жылуу тилектерин билдирип, белектерин тапшырды.
Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Араван районуна барып, С. Юсупова айыл аймагынын тургуну, Эмгектин ардагери Канахатхон Салимбаева менен жолугушту. Учурда 94 жаштагы Салимбаева апага чың ден соолук жана бактылуу карылык кааланды.
Белгилей кетсек, учурда Ош облусунун аймагында 110459 улгайган жаран бар. Алардын ичинен 1572 ардагердин жаш курагы 90дон ашкан.