Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы Ы.Жаманкулов атындагы Алай райондук маданият үйүндө улуу мамлекеттик ишмер, тарыхый инсаныбыз Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чара менен башталды. Иш-чара “Кыргызстандын тарыхында Алымбек датканын мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү орду жана ролу” деген аталыштагы салтанаттуу жыйын менен ачылды.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, тарыхчы-илимпоздор, коомдук ишмерлер жана Алымбек датканын урпактары катышып, баяндама жана докладдар жасалды.
Өз сөзүндө облус башчысы Эльчибек Джантаев Алымбек датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүндөгү салымын белгилеп, анын эрдиги жана эмгеги элибиз үчүн чоң мурас экенин айтты:
“Бул иш-чара тарыхты эскерүү, өткөндөн сабак алуу жана келечек муунга туура багыт берүүчү маанилүү учур. Эл уулу аталып, элине кызматы сиңген Алымбек датканын эрдиги баа жеткис. Ал саясий ишмердүүлүгү менен катар билим берүү тармагына да зор салым кошкон. Ош шаарында Ак Медресени негиздеп, жыл сайын жүздөн ашуун жаш баланын билим алуусуна шарт түзгөнү — тарыхчылар белгилеп келген факт,” — деди Джантаев.
Ошондой эле облус башчысы тарыхчыларды жана изилдөөчүлөрдү Алымбек датканын мурасын терең изилдөөгө чакырып, бул багыттагы демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.
Конференциянын жүрүшүндө Алымбек датканын тарыхый орду, саясий ишмердүүлүгү жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоодогу ролу кеңири талкууланды.
Иш-чара соңунда катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө чоң салым кошкон улуу инсандын мурасын урматтап, анын эл биримдиги жана эркиндик үчүн жасаган күрөшү муундарга үлгү болоорун баса белгилешти.