Эльчибек Джантаев Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында жаңы спорт залдын ачылышына катышты

14.10.2025  14:11

5

Эльчибек Джантаев Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында жаңы спорт залдын ачылышына катышты

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл аймагындагы Кайрат айылында заманбап спорт залдын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев бүгүн, 14-октябрь күнү, Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында катышты.

Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө облус башчысы Эльчибек Джантаев:

«Учурда Ош облусунда социалдык жана өндүрүштүк багыттагы жаңы объекттер ырааттуу түрдө ачылып жатат. Бүгүн Кайрат айылында заманбап спорт залдын демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуп, пайдаланууга берилгени — кубанычтуу көрүнүш. Аймактагы жаштар спорт менен машыгып, ден соолугун чыңдап, туура жолду тандашат деген ишеничтебиз», — деп билдирди.

Спорт зал жеке демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен курулган. Жалпы сметалык баасы 5 млн 500 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө бардык курулуш жана ички жасалгалоо иштери толугу менен аяктаган.

Ачылыш аземден кийин облус жетекчиси “Көк Түрк” коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган көргөзмө менен таанышып, айылдагы чакан күрөш залын көрдү.