Эльчибек Джантаев грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиевди кабыл алды

05.09.2025  13:35

63

Эльчибек Джантаев грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиевди кабыл алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиевди кабыл алды.

Мирзалиев 2025-жылдын 17–24-август күндөрү Болгариянын Сомаков шаарында өткөн спорттун грек-рим күрөшү боюнча U-20 жаш өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, Кыргызстандын тарыхында 6-болуп дүйнө чемпиону аталды.

Облус жетекчиси спортчуну жеңиши менен куттуктап, ага 50 миң сом акчалай сыйлык жана баалуу белектерди тапшырды.

Жантөрө Мирзалиев 2005-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Чымбай айылында туулган. Ал 2022-жылы 17 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль уткан. 2023-жылы Иорданиянын Амман шаарында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынса, 2025-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда 1-орунду камсыз кылып, Азия чемпиону аталган.

Жаңы жеңиш менен Мирзалиев Кыргызстандын спорт тарыхына дагы бир ири ийгилик кошту.