Бүгүн, 12-июнь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаевдин жетекчилиги алдында атайын жыйын болуп өттү.
Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, район акимдери жана облустагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын күн тартибинде облустун ар кайсы аймактарында жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн элдик жыйындарда көтөрүлгөн маселелерди кечиктирбестен жана сапаттуу чечүү маселеси каралды. Тактап айтканда, жер мунапысы, айыл чарба, кооптуу аймактардагы абал, жол, сугат суу жана таза суу маселелери, жайыттардын жеткиликтүүлүгү, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу бир катар социалдык мүнөздөгү маселелер талкууланды.
Облустун башчысы Эльчибек Джантаев жыйын учурунда эл тарабынан көтөрүлгөн ар бир маселеге өзүнчө токтолуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринен аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алып, так тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Эльчибек Джантаев эл тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн 80 пайызы жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чечиле турган маселелер экенин белгилеп, бул багытта иштерди күчөтүү, элдин көйгөйүн жеринде угуп, аны ыкчам жана натыйжалуу чечүү боюнча талаптарды коюп, жетекчилерди жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырды.