31-августта, Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгына карата Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн эки министр «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды.
Наамды Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев тапшырды.
Алар:
- Бообек Ажикеев — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
- Медер Машиев — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри.
Облус жетекчиси сыйлык тапшыруу аземинде куттуктоо сөз сүйлөп, министрлердин эмгегин жогору баалап, мындан аркы ишине ийгилик каалады.