Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемесине ылайык, Бапаев Чынгыз Арстанбекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Жаңы акимди бүгүн, 9-март күнү Кара-Суу районунун активине Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев тааныштырып, жооптуу ишинде ийгилик каалады жана бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, буга чейин Чынгыз Бапаев Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп иштеп келген.