БИР КҮНДӨ 3 ӨНДҮРҮШ ИШКАНА ЖАНА 15 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

25.12.2025  12:04

53

БИР КҮНДӨ 3 ӨНДҮРҮШ ИШКАНА ЖАНА 15 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

25-декабрь — жаңы жыл алдында, Ош облусунда маанай көтөргөн жакшы жаңылыктар болду. IV Элдик курултайдын биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда облуста 15 социалдык жана 3 өндүрүш багытындагы объект онлайн форматта ачылып, пайдаланууга берилди.

Өндүрүш багытындагы объекттер

1. Курак-Тектир-2 кичи ГЭСи

Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо айылынын Алдыке участкасында жайгашкан.

Долбоордун болжолдуу наркы — 88,0 млн сом.

Толук кубаттуулугу — 1 200 кВт.

• I этапта — 600 кВт

• II этапта — кошумча 600 кВт ишке берилди.

2. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айыл аймагында муниципалдык мал соючу жай жаңыдан курулду.

Долбоордун жалпы наркы — 24, 8 млн сом. Кубаттуулугу — күнүнө 8-10 баш мал союуга ылайыкталган.

3. Эт жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү “Жети Баатыр” заводу

Аталган завод Кара-Суу районун Манас айыл аймагында жайгашкан.

Инвестициянын суммасы — 1 млн 400 миң АКШ доллары (өздүк каражаттар).

Өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү:

• Эт азыктары — 180 000 тонна

• Балмуздак — 1 800 тонна

• Сүт азыктары — 3 600 тонна

Ишканада 400гө жакын жумуш орду түзүлөт.

Социалдык багыттагы объекттер

Өзгөн району

1. “Азада-Апа” бала бакчасы

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Алга айылында жайгашкан, 120 орундуу.

Долбоордун наркы — 77 млн 910,1 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган. Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү.

2. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылында жайгашкан, 60 орундуу бала бакча. Подрядчы — ЖЧК «Алтрейд».

Долбоордун баасы — 46 млн 342,7 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган.

Ноокат району

3. Акматали Сыранов атындагы орто мектеп. Билим берүү мекемеси Көк-Жар айыл аймагынын Он Эки Мойнок айылында жайгашып, жалпы 275 орунга ылайыкталган. Долбоордун наркы — 133 млн сомдон ашык. Курулуш 2023-жылдын IV кварталында башталып, толук аяктады.

4. Кара-Кокту орто мектеби.

А. Мирмахмудов айыл аймагынын Кара-Кокту айылында, 150 орундуу билим уясы. Долбоордун наркы — 92 млн 460 миң сом. Курулуш 2024-жылдын май айында башталып, толук бүттү.

5. “Раяна” мектепке чейинки мекемеси.

Н. Исанов айыл аймагынын Жар-Коргон айылында жайгашкан 120 орундуу балдар бакчасы. Жеке инвестор тарабынан курулуп, долбоордун баасы — 60 млн сом.

6. Герейт-Шорон орто мектеби

Төөлөс айыл аймагында жайгашкан, 225 орундуу. Курулушка 74 млн 931 миң сом сарпталган.

Кара-Кулжа району

7. “Парчабу эне” бала бакчасы

Биймырза айылында жайгашкан, 120 орундуу. Долбоордун наркы — 70 млн 246,5 миң сом.

Кара-Суу району

8. №133 Кайрагач орто мектеби

Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан, 275 орундуу. Курулуш 2015-жылы башталып, толук аяктады.

Жалпы наркы — 105 млн 495 миң сомдон ашык.

9. Т. Шериев атындагы орто мектеп

Папан айыл аймагынын Андагул айылында жайгашкан, 150 орундуу.

Долбоордун баасы — 104 млн сом.

Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү.

10. Ленин атындагы кошумча окуу корпусу Кара-Суу шаарында жайгашкан, 450 орундуу.

Республикалык бюджеттен каржыланып, 107 млн сом сарпталган.

11. Отуз-Адыр айылындагы бала бакча

120 орундуу, долбоордун наркы — 53 млн 350 миң сом.

Алай району

12. Жерге-Тал айылындагы спорт залы

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында курулган.

Курулушка 23 млн 374,2 миң сом жумшалган.

13. Аскалы айылындагы орто мектеп

М. Акматов атындагы, 100 орундуу (спорт залы жок). Курулуш 2024-жылы башталып, 42 млн 638,9 миң сом сарпталган.

14. “Гүлбурак” бала бакчасы

Сары-Могол айылында жайгашкан, 140 орундуу. Долбоор 2023-жылы башталып, 86 млн 950 миң сом каражат сарпталган.

15. Тогуз-Булак айылындагы спорт залы. №29 Келдибай Тайчабаров атындагы орто мектептин спорт залы.

Курулуштун жалпы наркы — 20 млн сом.