Бүгүн, 11-июнь күнү Ош облусунун аймагындагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында салтка айланган спорттун волейбол түрү боюнча Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу быйыл да жогорку деңгээлде уюштурулуп, спорттук иш-чарага жалпы 17 команда — 8 эркектер жана 9 аялдар командалары катышты. Мелдешке облус боюнча жалпы 200дөн ашуун спортчу тартылды.
Финалдык беттешүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана орун басарлары күбө болуп, жеңүүчүлөрдү куттуктап, кубок жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
Жыйынтыктар төмөнкүдөй болду:
Эркектер командалары арасында:
1-орун – Кара-Кулжа району (30 000 сом)
2-орун – Өзгөн району (20 000 сом)
3-орун – Ноокат району (10 000 сом)
4-орун – Алай району
****
Кыз-келиндер командалары арасында:
1-орун – Кара-Суу району (30 000 сом)
2-орун – Алай району (20 000 сом)
3-орун – Ноокат району (10 000 сом)
4-орун – Кара-Кулжа району
Мындан сырткары, мелдештин жүрүшүндө мыкты оюн көрсөткөн спортчулар ар түрдүү номинациялар боюнча белгиленип, ар бири 5 000 сом акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланышты.
Бул спорттук иш-чара билим берүү кызматкерлеринин ынтымак-биримдигин чыңдоо, сергек жашоо образын калыптандыруу жана волейбол спорт түрүн жайылтуу максатында уюштурулду.