Аяз атага кат жазган балдарга белектер тапшырылды

29.12.2025  12:30

1

Аяз атага кат жазган балдарга белектер тапшырылды

29-декабрда, Ош шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын алдында Аяз атага кат жазган балдарга салтанаттуу түрдө белектер тапшырылды. Иш-чаранын алкагында Ош облусунун ар кайсы аймактарынан тандалып алынган 13 балага Президенттин жана Ош облусунун жетекчисинин атынан белектер берилди.

Салтанаттуу иш-чарага Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, ошондой эле балдардын ата-энелери катышты.

Өз сөзүндө Аманкан Кенжебаев балдарды кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окууларында ийгиликтерди каалап, белектерди тапшырды.

Иш-чара балдардын маанайын көтөрүп, Жаңы жылдык майрамдын шаңын арттырды.