2026-жылдын 3-февраль күнү, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратынын 3-кабатындагы жыйындар залында Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаевдин төрагалыгы алдында жыйын болуп өттү.
Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары, аппарат жетекчиси, бөлүм башчылар, район акимдери, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында камсыздандыруу иштеринин жүрүшү, райондордо узак мөөнөттөн бери курулуш иштери токтоп турган объектилер, айылдардын аталыштары, ошондой эле райондук мамлекеттик администрация башчылары — акимдер тарабынан 2026-жылга карата түзүлгөн иш-чаралар планынын долбоорлору каралды. Каралган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге так тапшырмалар берилди.