2026-жылдын 16-мартында Ош облусунун башчысынын биринчи орун басары Илияз Ташбаев, Араван районунун акими Данияр Эркимбаев, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Араван районунун борбордук базарында эт саткан жайларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө бодо малдын эти 670 сомдон, ал эми койдун эти 680 сомдон сатылып жатканы аныкталды. Өкүлдүн биринчи орун басары эттин мамлекет тарабынан белгиленген бааларынын сакталышын текшерип, сатуучуларга бааларды негизсиз жогорулатпоону эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана көзөмөлдөөчү кызматтар эт сатуучуларга соода жайларында санитардык талаптарды сактоо, тазалыкты камсыз кылуу, таразада керектөөчүлөрдү алдабоо жана жарандардын кызыкчылыгын жогору коюу зарылдыгын белгилешти.
Белгилей кетсек, облустун аймактарында эттин баасына болгон көзөмөл мындан ары да улантылат.