Араванда 100 жаштагы Кимия энеге урмат көрсөтүлдү

01.10.2026  15:01

49

Араванда 100 жаштагы Кимия энеге урмат көрсөтүлдү

1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын тургуну, 1926-жылы туулган 100 жаштагы Орозова Кимия эненин үйүнө атайын барып, майрамы менен куттуктады.

Кимия эне өмүрүн үй-бүлөсүнө арнаган ардактуу апа. Эки уулду тарбиялап өстүрүп, экөөнө тең татыктуу билим берген. Апасынын үмүтүн актаган уулдарынын бири дарыгер, экинчиси мугалим кесибин аркалап, бүгүнкү күндө элге ак кызмат кылып келишет.

Бүгүнкү күндө Кимия эне – 6 неберенин, 27 чөбөрөнүн сүйүктүү чоң энеси. Үй-бүлөсүнүн куту болуп, урпактарынын курчоосунда бактылуу өмүр сүрүп жатат.

Жолугушууда облус башчысы Кимия энеге чың ден соолук, узак өмүр тилеп, балдарынын, неберелеринин урмат-сыйын көрүп, ар дайым үй-бүлөсүнүн төрүндө аман-эсен болушун каалады.

Азыркы учурда Ош облусунун аймагында жалпы 124 757 улгайган жаран жашайт. Алардын арасында 100 жаштан ашкан 43 узак өмүр сүргөн жараныбыз бар.

Улуу муун – элибиздин тарыхын, нарк-насилин жана жашоо тажрыйбасын муундан муунга жеткирген баалуу мурас. Аларга урмат көрсөтүү – ар бирибиздин адамдык жана коомдук милдетибиз.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы