Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндө 105 МВттык күн электр станциясы курулат

21.01.2026  15:49

23

Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндө 105 МВттык күн электр станциясы курулат

Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагынын Сары-Таш айылында 200 гектар жерге жалпы кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясын курулат.

Бүгүн, 21-январда, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Араван районуна болгон иш сапарынын алкагында аталган аймактагы жер менен таанышып, тиешелүү өкүлдөрдүн маалыматын укту.

Маалыматка караганда, станция сырттан келген инвесторлордун каражатынын эсебинен курулат. Күн панелдерин орнотуунун биринчи этабы жаз айларында башталып, анда 15 МВттан жогору кубаттуулуктагы электр энергиясы өндүрүлө баштайт. Экинчи этапта курулуш толук аяктап, жалпы кубаттуулук 105 МВтка жетет. Жалпы жонунан 450 миңге жакын күн панелдери орнотулат. Инвестициянын жалпы наркы 65 млн АКШ долларын түзүп, 35 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болушу күтүлүүдө.

Облус башчысы инвесторлордун демилгесин колдоорун белгилеп, долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык тараптан көмөк көрсөтүлөрүн айтты.

Андан соң облус башчысы күн электр станциясынын курулушу жана бир катар социалдык маселелер боюнча жергиликтүү тургундар менен элдик жыйын өткөрдү. Жыйында күн панелдерин орнотуунун пайдасы, айыл өкмөтүнө түшө турган салык, социалдык пакет жана башка маанилүү маселелер тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле тургундар өз суроолорун берип, тиешелүү жетекчилерден жооп алышты.