Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жаңы суу ташуучу эки техника тапшырылды

16.01.2026  13:41

25

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жаңы суу ташуучу эки техника тапшырылды

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жаңы суу ташуучу эки техника тапшырылды. Техникалардын ачкычын Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тапшырды.

Эки суу ташуучу унаанын жалпы баасы 7 млн 119 миң сомду түзүп, алар Ош облустук өнүктүрүү фондунун каражатынан каржыланды. Бул техникалар аймактагы тургундарга убактылуу таза сууну үзгүлтүксүз жеткирип туруу максатында пайдаланылат.

Белгилесек, Керме-Тоо айыл аймагына таза суу тартуу иштери өткөн жылы башталып, учурда активдүү жүрүп жатат. Ушул себептен аймакта суу тартыштыгы жаралып, буга чейин ӨКМге тиешелүү суу ташуучу унаалар таза суу жеткирип келген.

Учурда жалпы узундугу 27 чакырымды түзгөн суу түтүктөрү тартылып, сыйымдуулугу 1500 куб метрлик суу кампасынын курулушу уланууда.

Жалпы наркы 400 миллион сомдон ашкан долбоор 2026-жылдын март айында толук аяктап, анын жыйынтыгында аймактын тургундары толук кандуу таза суу менен камсыздалат.