Аманкан Кенжебаевдин төрагалыгы алдында атайын жыйын өттү

22.12.2025  14:54

2

Аманкан Кенжебаевдин төрагалыгы алдында атайын жыйын өттү

22-декабрда КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратынын 3-кабатындагы жыйындар залында Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаевдин төрагалыгы алдында атайын жыйын болуп өттү.

Жыйынга өкүлдүн орун басарлары, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, район акимдери жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде Ош облусунун 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, жер мунапысын ишке ашыруунун жүрүшү, жаралып жаткан көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүү боюнча сунуштар, ошондой эле пайдаланылбай жаткан жер тилкелеринин аянтын кыскартуу жана башка бир катар маанилүү маселелер каралды.

Облус башчысы күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча өзүнчө токтолуп, район акимдеринин маалыматтарын укту. Жыйындын жүрүшүндө аныкталган көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланып, тиешелүү сунуш-пикирлер айтылып, жооптуу жетекчилерге так тапшырмалар берилди.