Аманкан Кенжебаевдин эл менен жолугушуусу Өзгөн районунда уланды

12.12.2025  18:14

2

Аманкан Кенжебаевдин эл менен жолугушуусу Өзгөн районунда уланды

12-декабрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга укук коргоо органдарынын жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жолугушууга райондун ар кайсы айыл аймактарынан 250дөн ашуун жаран катышып, жыйын эки саатка уланды. Жыйындын алгачкы бөлүгүндө Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов 2025-жылдын ичинде аткарылган иштер, ошондой эле алдыга коюлган пландар тууралуу кеңири маалымат берди.

Андан кийин жарандар ар кандай маселелер боюнча суроолорун берип, көйгөйлөрүн ортого салышты. Тургундар негизинен таза суу менен камсыздоо, жолдордун абалы, ирригациялык көйгөйлөр, таза суу, жумуш менен камсыздоо, жер тилке, турак жай, айыл чарба, мектеп, бала бакча куруп берүү сыяктуу бир катар суроолорду көтөрүштү.

Облус жетекчиси элдин суроолорун угуп, тиешелүү жетекчилерге жеринде түз тапшырмаларды берип, айрым маселелерди ошол эле жерден чечүү жолдорун талкуулашты. Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлөрдү ыкчам жана натыйжалуу чечүү боюнча чара көрүү милдети жүктөлдү.