11-декабрь күнү, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту. Иш-чарага укук коргоо органдарынын жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жолугушууга район аймагынан 250дөн ашуун жаран келип, аймактагы курч маселелерди жеринен айтып, суроолоруна жооп алышты.
Эркин форматтагы жолугушуу учурунда тургундар негизинен таза суу менен камсыздоо, жолдорду оңдоо, мектептердин абалы, спорт залдарга муктаждык, жөлөк пул, айыл чарба жана жайыт маселелери, кооптуу аймактарды коргоо, ошондой эле оор техника сатып алууга көмөктөшүү сыяктуу бир катар социалдык маселелерди көтөрүштү.
Облус башчысы жарандардын ар бир кайрылуусуна жеке көңүл буруп, көп маселелер боюнча тиешелүү жетекчилер ошол эле жерде жооп беришти. Айрым маселелерди чечүү үчүн мекемелерге так тапшырмалар коюлуп, бир катар көйгөйлөр жеринен эле оң жагына чечилди.