Аманкан Кенжебаевдин эл менен жолугушуусу Араван районунда уланды

17.12.2025  17:44

3

Аманкан Кенжебаевдин эл менен жолугушуусу Араван районунда уланды

17-декабрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин райондорду кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугушуусу Араван районунда уланды.

Жолугушууга облустук мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана район тургундары катышып, социалдык маселелер боюнча түз суроо-жооп форматында ачык диалог жүрдү.

Тургундар негизинен жер тилкеси, турак жай, жол, мектеп, бала бакча, электр энергиясы, калкты тейлөө тармагындагы кемчиликтер, таза суу, сугат суу, экология, айыл чарба жана спорт маселелерин көтөрүштү. Облус жетекчиси ар бир суроого жеке көңүл буруп, тиешелүү жетекчилерге дароо тапшырмаларды берди. Айрым маселелер жеринде чечилип, калгандары боюнча так тапшырмалар берилди.

Аманкан Кенжебаев жарандардын маселелери өз убагында жана сапаттуу чечилиши үчүн бардык мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчилик менен мамиле кылышы керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, облус жетекчисинин эл менен жолугушуулары Ош облусунун бардык райондорунда улантылууда.