Аманкан Кенжебаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдыгы менен жеринен таанышты

05.09.2026  14:05

20

Аманкан Кенжебаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдыгы менен жеринен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшүн жеринен көрүп, таанышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшү мамлекеттин эл аралык аброю үчүн өзгөчө маанилүү экендигин белгилеп, бардык тиешелүү кызматтардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Маалымат үчүн: VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтүүдө. Иш-чара дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, кыргыз элинин бай маданиятын жана каада-салтын даңазалоого багытталган.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы