Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бүгүн, 23-январь күнү Ноокат районуна болгон иш сапарынын алкагында Төөлөс айыл аймагындагы Уркуя Салиева музейинин учурдагы абалы менен таанышты.
Музей жайгашкан имарат 1980-жылдары ашар ыкмасы менен курулуп, бүгүнкү күндө эскирип, пайдаланууга жараксыз абалга келген. Музей жетекчилиги жана айыл өкмөтүнүн башчысы жаңы музей комплексин куруу демилгесин көтөрүлгөнүн айтып, баштапкы эскиздик долбоорду облус жетекчисине тааныштырды.
Аманкан Кенжебаев демилгени колдоорун билдирип, жаңы музейдин курулушуна көмөк көрсөтүү маселесин карап, аны чечүү боюнча иш алып барууга убада берди.