Аманкан Кенжебаев Өзгөндө жаңы спорт комплекстин ачылышына катышты

20.01.2026  16:47

28

Аманкан Кенжебаев Өзгөндө жаңы спорт комплекстин ачылышына катышты

Ош облусунун Өзгөн шаарында бүгүн, 20-январда, жаңы заманбап спорт залдын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында катышты.

Жаңы спорт комплекси жергиликтүү жана республикалык бюджеттен каржыланып курулган. Объекттин жалпы сметалык наркы 27 млн 736 миң сомду түзөт. Маалыматка караганда, спорт залдын бардык курулуш жана ички жасалгалоо иштери толук бүткөрүлгөн.

Ачылыш аземинде жаш спортчулар конокторго спорттун бир нече түрү боюнча кыскача көрсөтмө машыгууларын сунуштап, залдын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.