Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунда айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

04.04.2026  16:44

46

Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунда айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы массалык ишембиликке катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Иш-чаранын алкагында чоң жолдордун жээктери, туристтик аймактар, эс алуу бактары, короолор жана коомдук жайлар таштандылардан тазаланды.

Андан соң облус жетекчиси жазгы талаа иштери жана аймакты көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринен көрүп чыгып, алардын жүрүшүнө баа берди.

Ошондой эле райондун көрктүү жана жашыл болушуна салым кошуп жаткан жарандардын эмгегин жогору баалап, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.