Аманкан Кенжебаев Өзгөн районуна иш сапар менен барды

11.12.2025  11:55

8

Аманкан Кенжебаев Өзгөн районуна иш сапар менен барды

11-декабрда, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев иш сапары менен Өзгөн районуна барды. Сапардын алкагында облус жетекчиси райондо буга чейин пайдаланууга берилген жана курулушу жүрүп жаткан объектилер менен таанышты.

Алгач Аманкан Кенжебаев Өзгөн шаарындагы З. Ормонов атындагы борбордук стадиондун жана анын жанында жайгашкан эс алуу паркы менен таанышып, көрүп чыкты.

Андан соң ал “Менин үйүм 2021–2026” программасынын алкагында Өзгөн шаарында салынып жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулушу менен таанышты. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания менен Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда келишим түзүлүп, шаардан 6,5 гектар жер аянты бөлүнгөн. Учурда 17 корпус, 34 подъездден турган, жалпы 1035 батирлүү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүүдө.

Андан ары облус башчысы Баш-Дөбө айыл аймагында 50 орунга ылайыкталып курулган заманбап муниципалдык мейманкананы көрдү.

Белгилүү болгондой, бул имарат мурда клуб катары колдонулуп, узак мөөнөткө ижарага берилген. Өткөн жылы айыл өкмөткө кайтарылып, багыты өзгөртүлгөн соң капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, мейманканага айландырылган.

Жаңы имараттын курулушуна жана оңдоп-түзөөсүнө жалпы 36 млн 800 миң сом жумшалып, каражат облустук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Мейманкана бардык талапка ылайык шарттар менен камсыздалган.

Ошондой эле облус жетекчиси Өзгөн шаарындагы муниципалдык “Айчүрөк” кинотеатрынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, кинотеатрга келген көрөрмандардын саны өсүп, мекеме кошумча кирешеге чыга баштаган. Облус жетекчиси кинотеатрдын ишин мындан ары өркүндөтүп, аймактын тургундарына руханий азык тартуулоого басым жасоо боюнча тапшырмаларды берди.

Андан кийин Аманкан Кенжебаев Төрт-Көл айыл аймагынын Прогресс айылында жайгашып, курулушу пландалган «Береке» базарынын долбоору менен таанышты. Долбоордун жалпы аянты 13,86 гектарды түзүп, 4 миң соода орду, унаа токтотуучу жай жана башка заманбап шарттар каралган. Облус жетекчиси жаңы базардын курулушу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен инвесторлорго бир катар сунуш-пикирлерин айтты.