АМАНКАН КЕНЖЕБАЕВ ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

27.03.2026  14:48

4

АМАНКАН КЕНЖЕБАЕВ ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

27-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташууну жана дипломатиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу кызматташуу багыттары, анын ичинде эки өлкөнүн өнөр жай кооперациясы, чек ара соодасын жана туризмди өнүктүрүү сыяктуу бир катар эки тараптуу кызматташтык маселелери каралды.

Тараптар мындан ары да кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.